Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:08

Көчүрүлүп келген ооган кыргыздары алгач медициналык кароодон өтөт


Ооганстандан көчүрүлүп келинген памирлик кыргыздар Нарынга бүгүн 13-октябрда кечке маал барышат. Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын “Азаттык” радиосуна берген маалыматы боюнча, алар облустук ооруканага келип, медициналык кароодон өтүшөт. Андан соң Нарын районунун Куланак айылындагы кесиптик лицейдин жатаканасына жайгаштырылылат.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын башкы врачы Мурат Атбаев учурда келе жатышкан памирликтер үчүн ооруканада бардык шарттар түзүлгөнүн, зарыл болгон нерселердин баары бар экенин билдирди.

50 ооган кыргызын алып келүү пландалып жаткан. Айрымдарына виза ачылбагандыктан калып калышкан. Учурда Кыргызстанга келген 33 памирлик кыргыздын басымдуу бөлүгүн балдар түзөт, арасында кош бойлуу бир келин бар. Учурда алар атайын делегациянын коштоосунда Жалал-Абаддын аймагында жол жүрүүдө.

Ооганстандын Кичи Памир жана Улуу Памир өрөөндөрүн байырлаган кыргыздардын саны 2003-жылы 5 миңдей болсо, азыр 1,5 миңдин тегерегинде гана калды. Медициналык тейлөөнүн жоктугу, туугандар арасында бири-бирине үйлөнгөндөр эне-баланын өлүмүнүн эң жогорку көрсөткүчүн шарттоодо. (MiK)

XS
SM
MD
LG