Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Кулов: Атамбаев мураскер болбойт деп коюп өзү "кош оюн" жүргүзүүдө


"Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы
"Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы

“Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин президенттикке КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбековду ачык сүрөп жатканын мыйзамсыз деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында кыймылдын мүчөсү, мурдагы премьер-министр Феликс Кулов билдирди.

Ал Атамбаевдин Жээнбековду колдоп сүйлөгөнү тууралуу арызды Боршайком четке какканы мыйзамсыз болгонун айтып, Конституция боюнча шайлоо маалында президент өз партиясы менен байланышын токтотууга милдетүү экенин кошумчалады.

- Шайлоонун жыйынтыгынын легитимдүүлүгү боюнча суроолор жаралып калышы ыктымал. Атамбаев мураскер болбойт деп коюп өзү “кош оюн” жүргүзүп жатат, - деди Кулов.

“Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылы 12-сентябрда түзүлүп, ага экс-президент Роза Отунбаева, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов, мурдагы премьер-министрлер Апас Жумагулов, Феликс Кулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер мүчө.

Жакында Таласта эл менен жолукканда Атамбаев алдыдагы президенттик шайлоо таза жана демократиялуу жол менен өткөрүлүп, жарандардын добушун толугу менен ачык эсептөө камсыз болорун айткан.

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы, Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов "Азаттыкка" маек куруп, 2009-жылкы президенттик шайлоо учурундагыга салыштырганда азыр административдик басым жок деп билдирген.

Ал буга мисал катары учурда коомдук телеканалдар, мамлекеттик басылмалар аркылуу үгүт жүргүзүүгө бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк берилгенин, оппозициялык талапкерлердин штабдарын, тарапкерлерин куугунтуктоо жоктугун келтирген. (RK)

XS
SM
MD
LG