Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:45

Казакстандын БШКсы Кыргызстандагы шайлоого байкоочу жиберүүдөн баш тартты


Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстанда 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого байкоочу жиберүүдөн баш тартты. Чечимге кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга карата "мурда болуп көрбөгөндөй" билдирүүлөрү себеп делет комиссиянын сайтында.

Ошол эле учурда КМШ, ЕККУ Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун, Шанхай кызматташтык уюмунун жана башка эл аралык миссиялардын курамындагы 46 казакстандык байкоочулардын келүүсүнө чек коюлбайт.

Атамбаев 7-октябрда казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп катуу сындаган. Ал казак президенти Нурсултан Назарбаевдин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолукканына, дагы бир талапкер Темир Сариевдин казакстандык бизнесмен Булат Утемуратов менен телефондон сүйлөшкөнү тараган аудиожазууларга ачууланган эле. Казак өкмөт башчысы бул пикирлерди негизсиз деп четке каккан.

10-октбярдан тарта кыргыз-казак чек ара бекеттеринде Казакстандын текшерүүсү күчөп, ары бери өткөндөр сааттап, айрымдары суткага чейин кезек күтүшүүдө.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG