Бүгүн 13-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Баткенде чек арачыларга курулган көп кабат үйдүн ачылыш аземине катышты. Анда сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчы "үч миң жылдык тарыхы бар эл үч күндүк блокададан коркпой турганын", "кыргыз эли далай кыйынчылыкты башынан кечиргенин" белгиледи:
- Азыркы күндө чет элдик байлар жана бийлик кыргыз элине акчасы менен өзүнүн “шестеркасын” таңуулап жатат. Акчасына элдин сатылбасын көрүп эми коркутууга өтүп жатат. Бери жагы үч миң жылдык тарыхы бар кыргыз эли үч күндүк блокададан коркуп кетип бирөөлөрдүн шестеркасын эч убакта шайлабайт. Чүйлүк жердештериме эскертким келет. Корко турган, тизеге тура турган кыргыз эли эмес. Кыргыздар үчүн намыс дайыма жанынан артык.
Ушул кундөрү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкө аймагын кыдырып жүрөт. Буга чейин ал Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абадда болуп, облус активдери менен жолугушкан.
10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын казак тарапка өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болгон. Казакстан жактан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезек күтүшкөн.
Чек арада кезек күткөндөрдүн бир катары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин шайлоого кийлигишип жатат деп сындаганы менен байланыштырышкан. Казакстандын Чек ара кызматы “пландуу чек ара операциясы” жүргүзүлүп жатканына байланыштуу өткөрмө бекеттен жарандарды, транспорт каражаттарын, жүктү, товарларды текшерүү күчөтүлгөнүн жарыялаган.
Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.(KE)