Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Даниялык Silba уюмунун 38 байкоочусу Кыргызстандагы шайлоого көз салат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Президенттик шайлоого даниялык Silba уюмунун 38 байкоочусу көз салат. Ар кайсы өлкө өкүлдөрүнөн куралган миссия чет элдик бейөкмөт уюмдун Кыргызстандагы эң чоң миссиясы болмокчу.

Silba уюмунун байкоочулары жекшембиде Бишкектеги жүздөй шайлоо участогунда мониторинг жүргүзүп, дүйшөмбүдө өз байкоолору менен бөлүшкөнгө даяр.

Борбор Азияда алгачкы жолу шайлоого байкоо салып жаткан даниялык бейөкмөт уюм багы чейин он жылдай Европадагы добуш берүүлөргө мониторинг жасаган.

"Кыргызстан сонку жылдары либералдык демократия баалуулуктарынан оолактап, айрым авторитардык кадамдарды жасады. Ошентсе да, региондогу эң курч атаандаштыкта өтүп жаткан Кыргызстандагы шайлоонун легитимдүүлүгү азыр баарынан башкы маселе", - деп белгиленет даниялык уюм тараткан билдирүүдө.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Ага 58 мамлекеттен 800гө жакын байкоочу катышат.

XS
SM
MD
LG