Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

“Макмал” ишканасынан жардыргыч зат уурдалды


Макмал
Макмал

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунда жайгашкан “Макмал" алтын кенинен белгисиз бирөөлөр 60 кг аммонит уурдап кетишти. Бул кабарды “Азаттык” радиосуна “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Толкун Камчыбекова ырастады.

Маалыматка караганда, бул факт боюнча Тогуз-Торо районунун милициясы кылмыш иш козгоду, шектүү эки жаран кармалды.

Окуя 13-сентябрга караган түнү болгон. Бирок облустук милиция азырынча кылмышкерлер кармала электигин, учурда тергөө-иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Аммонит - тоо-кен казуу өнөр жайында, жолдорду курууда, жогорку чыңалуудагы электр линияларынын курулушунда колдонулуучу жардыргыч зат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG