Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:43

Өзбекстан менен туризм жаатында 140 келишимге кол коюлду


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Ташкентте өткөн 23-эл аралык туристтик жарманкеге Кыргызстандан он туризм компаниясы катышып, Өзбекстандын бир катар туризм ишканалары менен 141 кызматташуу келишимине кол коюлду. Ош шаарынын туристтик компаниялары Ташкенттеги жарманкеге алгачкы жолу катышып, Кыргызстанга сапарды чек арага жакын жайгашкан Ош аркылуу баштоого чакырышты. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

- Оштогу «Достук» кыргыз-өзбек чек ара бекети жакында ачылып, туристтердин саны кескин жогорулайт деп күтүп жатабыз. Соңку күндөрдө туристтер арасында Ошко жана Жалал-Абадга, андагы курорт жана ыйык жерлерге болгон кызыгуусу артканын байкадык - деди «Бий ордо» конок үйүнүн жана ишканасынын ээси Мунар Иса.

Июль айынан тарта Ташкенттен Ысык-Көлгө аба каттам баштаган Tourasia ишканасы эми кышкы мезгилде да учууну көздөп жатат.

“Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDдин демилгеси” – бул туризм, тигүү өнөр жай жана курулуш материалдар тармактарын өнүктүрүүгө багытталган төрт жылдык долбоор.

Бул сапар Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен өттү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG