Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасынан кабар алды


Премьер-министр Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал менен таанышты. 13-октябрь, 2017
Премьер-министр Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал менен таанышты. 13-октябрь, 2017

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” жана “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө бекеттерине барып, соңку кырдаал менен таанышты. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Гүлнура Төралиеванын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, өкмөт башчы оор жүк ташып иштеген айдоочулар, кезек күткөн жарандар менен сүйлөшүп, Чек ара кызматынын жетекчилеринен, вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев жана башка кызматтардан маалымат алды.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болгон. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезек күтүшкөн. Жергиликтүү бийлик чек арадан алыс эмес жерге чатыр тигип, ысык тамак уюштурган.

Чек арада кезек күткөндөрдүн бир катары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырышкан. Казакстандын Чек ара кызматы “пландуу чек ара операциясы” жүргүзүлүп жатканына байланыштуу өткөрмө бекеттен жарандарды, транспорт каражаттарын, жүктү, товарларды текшерүү күчөтүлгөнүн жарыялаган.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп сындаган болчу.

"Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, "Ак-Жол" бекетинде абал өзгөргөн эмес. Кезек күткөндөр, каз катар тизилген унаалар дале болсо көп. (КЕ)

XS
SM
MD
LG