Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Перу илимпоздору 4,5 миң жылдык мумиянын портретин жасашты


Перудагы "Муз кыз" - мындан 500 жыл илгери жашаган инк тегиндеги кызга таандык мумия. Перуда мындан тышкары да байыркы мумиялар табылган.
Перудагы "Муз кыз" - мындан 500 жыл илгери жашаган инк тегиндеги кызга таандык мумия. Перуда мындан тышкары да байыркы мумиялар табылган.

Перулук илимпоздор 4,5 миң жыл илгери жашаган аялдын үч өлчөмдүү портретин жасашты. Анын мумиясы 2016-жылы өлкө түндүгүндө балыкчылардын Асперо деген кыштагында табылган.

Ал байыркы ак сөөк аял азыркы Карал шаарына жакын жерде жашачу экен.

4500 жыл мурда жашаган аялдын виртуалдык элеси. Лима ш., Перу. 11.10.2017.
4500 жыл мурда жашаган аялдын виртуалдык элеси. Лима ш., Перу. 11.10.2017.

"Сүрөттү тартууга 2 айдай убакыт кетти. Баш сөөгүнүн жардамы менен бетинин өзгөчөлүктөрүн аныктай алдык. Ал үчүн ошол аймактагы адамдарды изилдеп чыкканбыз. Эң кыйыны - баш сөөктүн өзүн калыбына келтирүү болду", - деди бейненин дизайнерлеринин бири Сисеро Мораэс.

Окумуштуулар аял өлгөндө 40-50 жаштарда болчу деген тыянакка келишкен. Анын мүрзөсүндө "аркы дүйнөдө керек болот" деген түрдүү буюм-тайымдар табылган. Көйнөгүндө болсо 4 кооз төйнөгүчү тагылыптыр.

Мындан улам тарыхчылар ал аял теги жагынан бай бүлөдөн, демек, социалдык макамы жогорку катмардан болчу дешет.

Карал жергеси Америкадагы эң байыркы цивилизациялардын биринин чордону болгон. Ал жердеги археологиялык жай ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине камтылган.

XS
SM
MD
LG