Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:14

Трамп: АКШнын Иран менен өзөктүк келишимден чыгаары ыктымал


АКШ президенти Доналд Трамп. 13.10.17.
АКШ президенти Доналд Трамп. 13.10.17.

АКШ президенти Доналд Трамп 13-октябрда Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишим боюнча кезектеги билдирүүсүн жасады. Анда бул өлкөнүн бийлиги "көптөгөн олуттуу кемчиликтерин" жойбосо, анда кийинчерээк АКШнын бул келишимден чыгып кетиши ыктымалдыгын айтты.

АКШ президенти ар үч айда Тегеран менен түзүлгөн өзөктүк келишимдин аткарылышын талдап турууга тийиш. Анын натыйжасында Конгресске билдирүү жиберет. Аны мыйзам чыгаруучулар 60 күн ичинде талдап, жообун бериши шарт. Буга чейин Трамп мыйзамгерлерге келишим азырынча сакталып атканын кыйылып жатып, эки ирет маалымдаган.

Бирок Трамп бул жолу мындан ары АКШ Конгрессине бул келишим америкалыктардын кызыкчылыгына төп келет деген билдирүү жөнөтпөй тургандыгын белгиледи. Бул кадамына жүйөө катары ал расмий Тегеран баллистикалык ракеталарын сыноону, Жакынкы Чыгыштагы экстремисттерди колдоону токтотпой жаткандыгын көрсөттү.

Президент Трамп ошондой эле мындан ары Иранга кошумча талаптарды коюуну Конгресстен өтүндү. Ошол талаптардын аткарылышына карап, бул өлкөгө санкция салуу же салбоо маселеси чечилмекчи.

2015-жылы дүйнөнүн кубаттуу алты өлкөсү - АКШ, Орусия, Кытай, Улуу Британия, Франция жана Германия Иран менен мунасага жетишкен. Ага ылайык, расмий Тегеран өзөктүк программасын кыскартып, ал эми Батыш жооп иретинде Иранга каршы киргизген чектөөлөрдү жоймокчу болгон.

Трамп ошондой эле АКШ каржы министрлигине Ирандагы Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусуна да жаңы санкцияларды киргизүүнү тапшырды. Бирок бул чара алиги кошуунда "террордук уюм катары таануу" дегенди туюнтпайт.

Иран бийлиги азырынча буга жооп кайтара элек.

XS
SM
MD
LG