Бишкекте 14-октябрда балдардын жана чоңдордун онкогематология борборунун капсуласы коюлду. Бул иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев катышты.
Борбор 150 адамга эсептелген. Анын 100ү балдар, 50ү чоңдор үчүн бөлүнөт. Алты керебет жандандыруучу бөлүмгө каралган. Андан тышкары жүлүн трансплантациясын жасаган төрт операция бөлмөсү болот.
Курулуш иши 2018-жылдын аягында бүтөрү пландалууда. Борбор Улуттук онкология борборунун аймагында жайгашат.
Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, Кыргызстанда 25 миңден ашуун адам түрдүү онкологиялык оорулар менен дарыгерлердин каттоосунда турат.
Ал эми Кыргыз-орус славян университетитинин балдар онкологиясы боюнча окумуштуусу, профессор Эмил Макинбетовдун “Азаттыкка” ырасташынча, Кыргызстанда жылына 200 балада рак оорусу аныкталат. Алардын көбү акыркы, 4-стадиясына жетип калганда гана адистин көзөмөлүнө алынууда.
Ушундан улам өлүмгө учуроо пайызы да жогору дейт профессор. Мындан 15-20 жыл мурда жылына 150гө жетпеген баладан рак оорусу аныкталчу. Оорунун көбөйүүсүнө экологиялык абалдын начарлоосу, туура эмес азыктануу жана жугуштуу дарттар себеп болгонун адистер ырасташууда. (Bch/ST)