Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Кыргыз-казак чек арасында өзгөрүү жок


Кыргыз-казак чек арасы. 13-октябрь, 2017-жыл
Кыргыз-казак чек арасы. 13-октябрь, 2017-жыл

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна чек ара кызматынын маалымат катчысы Абдикариева маалымдады. Анын айтуусунда, "Ак-Жол" чек ара бекетинде эртеден бери 200гө чамалуу киши кезек күтүп турат. Алардын баары кыргыз чек арасынан өтүп, "жашыл аймакта" кезек күтүшүүдө.
Ал эми "Ак-Тилек" чек ара бекетинде 230 чамалуу, "Чоң-Капка" бекетинде 100 чамалуу жеңил жана жүк ташуучу унаалар чек арадан өтө албай турушат.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болгон. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезек күтүшкөн. Жергиликтүү бийлик чек арадан алыс эмес жерге чатыр тигип, ысык тамак уюштурган.

Чек арада кезек күткөндөрдүн бир катары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырган. Казакстандын Чек ара кызматы “пландуу чек ара операциясы” жүргүзүлүп жатканына байланыштуу өткөрмө бекеттен жарандарды, транспорт каражаттарын, жүктү, товарларды текшерүү күчөтүлгөнүн жарыялаган.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп сындаган болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG