Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат


Ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү. Август, 2010-жыл
Ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү. Август, 2010-жыл

Ички иштер министрлигинин толук курамы 12-октябрдан бери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Аталган министрликтин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаевдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, шайлоо күнү коопсуздукка жана коомдук тартипке 10 миңден ашуун милиция кызматкери жана 12 миңден ашуун ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү тартылат:

- Шайлоо учурунда өзгөчө маанидеги объекттер, добуш берүү участоктору кайтарууга алынат. Ички иштер министрлигине коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, шайлоо мыйзамдары так аткарылып жаткандыгын көзөмөлдөө тапшырмасы берилген. Ар кандай мыйзам, тартип бузууларга мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү милициянын көзөмөлүндө болот, алардын колуна "элдик кошуун" деген жазуусу бар кызыл тасма байланып чыгат.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо болот. Ага катышууга 13 талапкер катталып, кийинчерээк үч талапкер башка талапкерлердин пайдасы үчүн жарыштан баш тартышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG