Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

АКШда Ак үйдүн мурдагы аппарат башчысы тергөөгө чакырылды


Райнс Прибус
Райнс Прибус

АКШ президенттик администрациясынын мурдагы жетекчиси Райнс Прибус жума күнү АКШдагы президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсүн иликтеп жаткан тергөө тобунун суроолоруна жооп берди.

Прибус - Дональд Трамптын жакын чөйрөсүндөгү кишилердин ичинен тергөөчүлөр менен аңгемелешкен алгачкы адам. Ал президент Трампка байланышкан суроолорго жооп берүүгө өз ыктыяры менен макулдугун берген. Прибустан 2016-жылы июнда Трамптын уулу жардамчысы Пол Манафорт орусиялык юрист Наталья Весельницкая менен жолугушуусу жөнүндө да сурашты. Ал кезде Трамптын шайлоо штабын жетектеп турган Манафорт Весельницкая менен жолуккан күнү Прибус менен да жолугушуусу дайындалган.

Прибус Ак үйдө президенттик администрациянын башчысы болуп, Дональд Трамп бийликке келгенден кийин иштеген. Бир нече айдан кийин кызматынан алынган.

Тергөөчүлөр жакынкы күндөрү Дональд Трамптын чөйрөсүндөгү дагы эки адам менен сүйлөшөт. Алар президент Трамптын мурдагы маалымат катчысы Шон Спайсер менен Ак үйдүн маалымат жана басма сөз бөлүмүнүн башчысы Хоу Хикс. Алар Трамптын уулу Дональддын The New York Times басылмасына жөнөткөн түшүндүрмөсү боюнча маалымат бериши күтүлүүдө.

Атайын прокурор Роберт Мюллер Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн иликтейт.

XS
SM
MD
LG