Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:44

Иран: өзөктүк келишим аткарылышы керек


Ирандын президенти "өзөктүк келишим" боюнча билдирүү жасады. 13-октябрь, 2017-жыл
Ирандын президенти "өзөктүк келишим" боюнча билдирүү жасады. 13-октябрь, 2017-жыл

Эгер келишим Ирандын улуттук кызыкчылыктарына дал келбесе, анда келишимден кетерин Ирандын президенти Хасан Роухани АКШ президенти Дональд Трамптын сөзүн комментарийлеп жатып билдирди.

Ал "өзөктүк келишим кайра каралбасын" баса белгилеп, келишим аткарылышы керектигин же токтотулууга тийиштигин айтты. Роухани мындан тышкары жакында эле АКШ "терроризмди колдойт" деген кине менен санкция киргизген Ислам революциясынын коргоочу корпусун да коргоп чыкты.

Жума күнү АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын бийлиги "көптөгөн олуттуу кемчиликтерин" жойбосо, анда кийинчерээк АКШнын бул келишимден чыгып кетиши ыктымалдыгын айткан. Президент Трамп Конгресске 60 күн мөөнөт берип, Иранга санкцияларды кайтаруу маселесин карап чыгууну тапшырды.

2015-жылы дүйнөнүн кубаттуу алты өлкөсү - АКШ, Орусия, Кытай, Улуу Британия, Франция жана Германия Иран менен мунасага жетишкен. Ага ылайык, расмий Тегеран өзөктүк программасын кыскартып, ал эми Батыш жооп иретинде Иранга каршы киргизген чектөөлөрдү жоймокчу болгон.

XS
SM
MD
LG