Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:03

Оштун Манас-Ата (ХБК) кичирайонунда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабы мугалимдерге багытталганы кабарланды.

"Азаттыктын" кабарчылары барган кезде ал жерде ондон ашуун адам кагаз иштери менен алектенип отурганына күбө болушту. Баары өздөрүн штаб кызматкерлери экенин айтышты. Өзүн алардын башчысымын деген айткан Файзулла Кенжебаев аттуу киши штабга Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Авазбек Асанов жооптуу деп билдирди.

Асанов мындай маалыматты төгүндөдү, бирок толук комментарий берген жок.

Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси мамлекеттик кызматкер болуп саналгандыктан, кай бир талапкердин пайдасына иштөөгө акысыз. (YI)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG