Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Президенттик шайлоо: добушканалар ачылды


Ош шаарындагы добуш берүү. 15-октябрь, 2015-жыл
Ош шаарындагы добуш берүү. 15-октябрь, 2015-жыл

Конституцияга ылайык, саат 8:00дө өлкөдөгү 2375 шайлоо участоктору ачылып, ишин баштады. Мындан тышкары чет өлкөлөрдө 37 добушкана ачылат. Алардын ичинен алтоо Орусияда, Германияда үч, Казакстанда эки, Түркияда эки, Кытайда эки, Бириккен Араб Эмирлигинде экиден шаарда мекендештер добуш бере алат.

Расмий маалыматка ылайык, бул шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 млн 25 миң 768 жаран бар. Анын 2 млн 908 миң 453ү Кыргызстанда болсо, 18 миң 580и чет жерде.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын кеңешчиси Гуля Алманбетованын “Азаттыкка” маалымдашынча, добушканалардын бардыгы керектүү жабдыктар менен жабдылган:

- Азыркы учурда БШКнын шайлоого даярдыгы жакшы. Техникалык жана уюштуруу маселелери чечилди. 2375 участок шайлоочулар үчүн даяр. Автоматтык добуш саноочу жабдыктар да даяр. 25-августтан баштап тест өткөрүп, коопсуздук чаралары текшерилди. Жалпы 5370 автоматтык эсептөөчү үкөк жеткирилди. Ар бир добушканада экиден автоматтык эсептөөчү үкөк болот, анын бири күтүүсүз жагдай түзүлгөн учурда резервде турат.

Добуш берүү бүгүн саат 20:00 чейин уланат. Кечки саат сегизде добуш берүү токтотулуп, добушканалар жабылат. Боршайкомдун маалымдашынча, алдын ала жыйынтыктар автоматтык эсептөөчү үкөктөр аркылуу саналат.

Ал эми шайлоонун жыйынтыгы боюнча расмий маалымат кол санактан кийин гана жарыяланат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG