Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

Президенттик шайлоого 800гө жакын эл аралык байкоочу көз салууда


БШКнын маалыматы боюнча 58 өлкөдөн жана 56 эл аралык уюмдан баш-аягы 771 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү. Андан сырткары 11 өлкөнүн маалымат каражаттары Кыргызстандагы шайлоого көз салат.

Президенттик шайлоого ошондой эле жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын, жарандык коомчулуктун, саясий партиялардын байкоочулары, президенттикке талапкерлердин ишенимдүү адамдары, журналисттер байкоо жүргүзүшөт.

Бүгүн кыргызстандыктар мамлекет башчыны шайлоодо. Президенттик шайлоого 13 талапкер расмий катталган. Үгүт маалында Камчыбек Ташиев менен Бакыт Төрөбаев башка талапкердердин кызыкчылыгы үчүн жарыштан баш тартышкан.

Ал эми коомдук ишмер Азимбек Бекназаров "акчалуулар менен колунда бийлиги барлардын шайлоосуна катышуудан баш тартканын" Коомдук каналдагы 12-октябрдагы дебатта жарыялаган. Бирок БШК аны тизмеден чийбесин билдирди.

Мыйзам боюнча талапкер шайлоого катышуудан үч күн калганда баш тарта алат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG