Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

БШК: Бул шайлоодо техникалык мүчүлүштүк болбойт


БШК мүчөлөрү
БШК мүчөлөрү

Мурдагы шайлоолордо автоматтык эсептөөчү үкөктөрдүн жана башка техникалык жабдуулардын бузулган учурлары катталса, бул жолу андай болбойт турганын Борбордук шайлоо комиссиясы убада кылууда. Шайлоого жооптуу мекеменин төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул тууралуу бүгүн эртең менен түз ободо жүргүзгөн маалымат жыйынында билдирди:

- Буга чейинки болгон мүчүлүштүктөр адам факторунун натыйжасында болуп келген. Бул жолу андайга жол бербөө үчүн автоматтык эсептөөчү үкөктөрдүн​ операторлорун башка тартипте окуттук. Ар кандай мүчүлүштүк болгон учурда тез арада жоюу үчүн атайын техникалык колдоо тобу түзүлдү. Алар автоматтык эсептөөчү үкөк жана шайлоочуну идентификациялоо үчүн жоопкерчиликтүү. Мындан тышкары жергиликтүү адистер да келип, жардам беришет.

Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Саат 8:00дө Кыргызстандагы бардык шайлоо участоктору ачылып, добуш берүү башталганын БШК маалымдады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG