Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Францияда Фабиусту суракка алуу талабы коюлууда


Лоран Фабиус
Лоран Фабиус

Францияда укук коргоочулар ТИМдин мурдагы башчысы Лоран Фабиусту суракка алууну талап кылышууда. Коррупцияга каршы Sherpa уюму франко-швейцариялык LafargeHolcim концернинин ИМ тобун каржылоосуна байланыштуу иш боюнча Лоран Фабиус тергөөдө көрсөтмө берүүгө тийиш деп талап кылды.

Дүйнөдөгү ири цемент магнатына каршы "террордук уюмду каржылаган" деген кине менен укук коргоочулар өткөн жылы ноябрда кайрылышкан. Тергөөчүлөр Франциянын Lafarge компаниясы 2013-2014-жылдары ИМ тобунун согушкерлери менен кызматташканын, бул Сириянын Желаби шаарындагы цемент заводун сактап калуу аракетинде жүргөнүн иликтеген.
Бул тууралуу Эл аралык француз радиосу кабарлады.

XS
SM
MD
LG