Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:02

БШК: Шайлоодогу негизги көйгөй -добуш сатып алуу


иллюстрация

Добуш сатып алуу аракеттери шайлоо алдындагы өнөктөштүк учурунда да болуп, алар далилденди. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова түз ободогу маегинде билдирди:

-Добуш сатып алуу аракети кечээ көчмө добуш берүү учурунда да катталды. Ал боюнча биз укук коргоо органдарына кайрылдык. Шайлоонун алдында да айрым учурлар боюнча соттун чечими да чыккан. Ал учурлар далилденип, добуш сатып алуу аракети болгонун ачыкталган. Шайлоочуларга кайрылып айтар элем: шайлоонун натыйжасын бурмалоого негиз жок. БШК добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эте албайт. Ошондуктан, эркин добуш бериңиздер.

БШК төрайымы добуш берүүнүн жашыруундугу мамлекет тарабынан кепилдикке алынганын, ар кандай коркутуп-үркүтүүлөргө негиз жоктугун кошумчалады. Анын белгилөөсү боюнча добуш берүүнүн жашыруундугун бузуу - кылмыш.

Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Ага он бир талапкер катышууда.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG