Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

Чет жакта 37 шайлоо участогу иштеп жатат


Екатеринбург шаарындагы шайлоо участогу. 15-октябрь, 2017-жыл
Екатеринбург шаарындагы шайлоо участогу. 15-октябрь, 2017-жыл

Кыргызстандын убактысы боюнча саат 10:00дө Орусиянын Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург шаарларында, Жапонияда, Түштүк Кореяда, Кытайда, Малайзияда, Индияда, Пакистанда, Казакстанда, Түркмөнстанда, Өзбекстанда шайлоо участоктору ачылды.

Бул өлкөлөрдө консулдук каттоого турган жана биометрикалык маалыматтарын тапшырган кыргызстандык жарандар шайлоого катышууда.

Жалпысынан чет мамлекеттерде 37 шайлоо участогу иштеп жатат. Ал эми чет жактардагы кыргызстандык шайлоочулардын саны 18 580 адам.

Бүгүн Кыргызстандын президентин шайлоо жүрүп жатат. Ага 11 талапкер катышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG