Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:29

Шайлоочулардын 7,5% добуш берди


Саат 10:00гө карата алынган жыйынтык боюнча Бишкек шаарында шайлоочулардын 7,02%, Ош шаарында 10,35% добуш берди.
Таласта 8,44%, Ысык-Көл облусунда 8,08%, Нарында 8,08%, Ош облусунда 7,40%, Таласта 8,44%, Чүй облусунда 6,91%, Баткен облусунда 7,73%, ал эми чет жактардагы шайлоочулардын 1,28% добуш берди.

Расмий маалыматка ылайык, бул шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 млн 25 миң 768 жаран бар. Анын 2 млн 908 миң 453ү Кыргызстанда болсо, 18 миң 580и чет жерде. Дагы 98 миң 735 жаран Бишкек шаарындагы кошумча участоктордо добуш берүү укугун алган.

Андан тышкары чет жерде 37 добушкана ачылат. Орусияда алты, Германияда үч, Казакстанда эки, Түркияда эки, Кытайда эки, Бириккен Араб Эмирлигинде экиден шаарда мекендештер добуш бере алат.

Кыргызстанда бүгүн президенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 11 талапкер катышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG