Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Чек ара кызматы: Казакстанга өтүү бир аз жеңилдөөдө


Кыргыз-казак чек арасында
Кыргыз-казак чек арасында

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариеванын "Азаттык" үналгысына билдиргени боюнча, "Ак-Жол" чек ара бекетинде Казакстан тарапка өтүү үчүн кезек күтүп тургандардын саны 20-30 чамалуу:

- Бул мурунку күндөргө салыштырмалуу жокко эсе. Ошондой эле аталган чек ара бекетинде отузга жетпеген автоунаа бар. Алар жеңил жана маршруттук каттамдагы унаалар. "Ак-Тилек" чек ара бекетинде 200 чамалуу жүк ташуучу унаа кезек күтүп турса, "Чоң-Капка" бекетинде 100 чамалуу, "Чалдыбар" бекетинде 60тай жүк ташуучу унаа Казакстанга өтө албай турушат.

Абдыкариеванын маалыматы боюнча, "Ак-Жол" чек ара бекетинде саатына беш жеңил автоунаа, экиден маршруттук каттамдагы унаа өткөрүлүүдө.

14-октябрь күнү кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" чек ара бекетинде Казакстан тарапка өтө албай турган кишилердин саны 400гө чукулдаган.

Казакстан тарап Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштуу деген жүйө менен 10-октябрдан тарта чек арадан өтүүнү катаалданткан.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев шайлоо бүткөндөн кийин да чек арадан өтүү жөнөкөйлөбөсө ЕАЭБнин чукул жыйынын чакырууну талап кыларын бүгүн билдирди.

Кыргызстан менен Казакстан ЕАЭБге мүчө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG