Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, добуш берүү башталгандан кийинки эки саатта 11 кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен экөө коомдук кабылдама аркылуу, төрт кайрылуу WhatsApp каналы аркылуу, ал эми беш билдирүү укук коргоо органдарынан жөнөтүлгөн.
Кайрылуулардын бардыгы техникалык маселелер боюнча. Ал эми шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча даттануулар түшкөн эмес.
Өлкөдөгү саясий-коомдук акыбал туруктуу деп маалымдайт БШКнын маалыматтык аппараты.(ZKo)