Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча айтты


Сооронбай Жээнбеков. 15.10.2017
Сооронбай Жээнбеков. 15.10.2017

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков чек ара маселесин урмат-сый мамиленин негизинде чечсе болот деп ишенет. Бул тууралуу ал бүгүн добуш берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык. Казакстан биздин боордош өлкө. Бири-бирибизди урматташыбыз керек. Эгер мамлекеттер жана лидерлер бирин бири сыйласа бардык маселелер чечилет” деди Жээнбеков.

Казакстан тарап Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштуу деген жүйө менен 10-октябрдан тарта чек арадан өтүүнү катаалданткан.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев шайлоо бүткөндөн кийин да чек арадан өтүү жөнөкөйлөбөсө ЕАЭБнин чукул жыйынын чакырууну талап кыларын бүгүн билдирди.

Кыргызстан менен Казакстан ЕАЭБге мүчө. (RK)

XS
SM
MD
LG