Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:50

Ниязов: Добуш сатып алуу - эң башкы коркунуч


Бул тууралуу Социал-демократтар партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы Фарид Ниязов 15-октябрда маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, кайсы бир талапкердин тарапкерлери тарабынан добуш сатып алуу аракеттери болуп жатканы тууралуу аймактык штабдардан кабарлар келип жатат. Буга далил катары ал бүгүн интернетте пайда болуп жаткан түрдүү видео-тасмаларды мисал келтирди. Фарид Ниязов журналисттерден жана коомчулуктан шайлоонун таза өтүүсүнө чогуу көзөмөл кылуусун өтүндү. Ал эми добуш сатып алууга аракеттенген тарапка бул оор кылмышка жатаарын эскертти.

Жээнбековдун штабы добуш сатып алуу фактылары боюнча укук коргоо органдарына жана Боршайкомго кайрыларын билдирди.

Добуш сатып алуу - бул шайлоодо башкы көйгөй болуп жатканын 15-октябрда эртең менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова да айтып кеткен.

Социалдык тармактарда кайсы бир талапкердин пайдасына эки миң сомдон 5 миң сомго чейин акча сунушталып жатканы тартылган видеотасмалар пайда болгон. (TSh/ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG