Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Бабанов: Атамбаев мага батасын берген, ал тууралуу жаман айткан эмесмин


Өмүрбек Бабанов жубайы жана уулу менен добушканада. 15.10.2017
Өмүрбек Бабанов жубайы жана уулу менен добушканада. 15.10.2017

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин айткандарына жооп кайтарды.

“Мага анын сөздөрү тууралуу канча жолу келип айтышты, бирок мен ал жөнүндө бир да жолу жаман айткан эмесмин”, - деди Бабанов.

Ошондой эле ал бул жолку шайлоо таза өтпөй жатканын кошумчалады.

«Президенттикке талапкерлигимди коёр алдында мен президент менен кеңешкем. Жеке өзүнүн батасын алгам. Ал “Ооба, президенттикке катыш. Биз өз талапкерибизди көрсөтөбүз, сен да катыш. Ким утса ошол утат», - деди. Күбөлөр бар. Ал шайлоо таза өтөт деп кепилдик берген. Бирок бирдей шарт жок болууда. Соңку апта ичинде, мен буга толук ишенем, Алмазбек Шаршенович Атамбаевди дезинформациялашты. УКМК жана милиция берген маалыматтын баары аны дезориентациялады. Мен анын бүгүнкү сөзүнө өтө капа болуп жатам», - деди Бабанов.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Өмүрбек Бабанов тууралуу:

- Бабанов ушул жылы дээрлик ар бир жумада, эки жума сайын үйүмө барып турчу. Биздин үй-бүлө жазында, жайында Бабановдун шаар четиндеги чарбасынан кулпунай, бүлдүркөн жеп келишчү. Анан эле 1,5 ай мурда мени “аби” деген (түркчө "ага" – авт.) Бабанов мени жамандап чыкты. “Сиздин жолуңузду мен гана улантам” деген Бабанов “биз башка жол менен баратабыз” деп билдирип чыкты. Мага Бабановду колдоо үчүн анын атынан чет өлкөлүк олигарх келип 20 млн доллар сунуштаган. Мен сатылбай турган нерселер бар экенин айттым, - деп айткан.

Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо атаандаштык негизде өтүп жатат. 6 жыл өлкөнү башкара турган президенттик орун үчүн 11 талапкер ат салышууда.

Парламенттик демократияга карай багытты жар салган Кыргызстанда жыл соңунан тартып президенттик ыйгарым укуктар мурдагыдан да кыйла чектелмекчи. (RK)

XS
SM
MD
LG