Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Калифорниядагы өрт курмандыктарынын саны 40ка жетти


Өрт каптаган аймактын учактан тартылган сүрөтү. 11-октябрь, 2017-жыл.
Өрт каптаган аймактын учактан тартылган сүрөтү. 11-октябрь, 2017-жыл.

АКШнын бул эң ири штатынын тарыхындагы эң ири өрттөн дагы үч жүздөй киши дайынсыз жоголду деп эсептелүүдө. Штаттын түндүк бөлүгүндө он миңдеген үйлөр талкаланды.

Калифорниянын Токой жана өрт кызматынын маалыматына караганда, тилсиз жоо менен 10 миңдей өрт өчүргүч күрөшүп жатат.

Себеби азырынча расмий аныктала элек өрттүн башталганына бир апта болуп калды. Бийликтер бул электр зымдарынын жерге кулашынан улам болушу мүмкүн деп жатышат.

Калифорнияда буга чейинки эң ири токой өртү 1933-жылы катталган экен. Анда 29 кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG