Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Жумгалда Бабановдун тарапкерлери нааразы болууда


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Жумгал районундагы штабы аймактагы добушканаларда видеокамера коюу учурунда жергиликтүү бийлик менен пикир келишпестиктер болгонун айтууда:​


- Бардык уруксат кагаздарыбыз болсо да райондун акими жана айыл өкмөттөр видеокамерабызды алып салууга аракет кылды, бирок биз бардыгын мыйзамдын негизинде кылып жатканыбызды айттык. Ошентсе да бир шайлоо участогуна камерабызды киргизбей койду, азыр сегиз шайлоо участогунда камерабыз турат, - деди Бабановдун Жумгал районундагы штабынын жетекчиси Медет Мамытов.

Ал эми Жумгал районунун аким Адыл Сапаров аталган талапкердин тарапташтары видеокамера коюу менен элди коркутуп, тынчын алып жатканын жүйөө кылды:

- Добуш бергениңерди тартып атабыз, баары билинет деп элди коркутуп, үркүтүп жатышыптыр. Биз элдин тынчтыгын, шайлоо күнүндө коопсуздукту сактоо үчүн камераларды алып салгыла дедик. Анткени алар камерасын добуш берген кабинанын жанына, урнанын маңдайына коюп алышыптыр. Азыр түшүндүрүп атабыз, шайлоо бүткөнчө аларга көз салып туруу биздин милдет.

Нарын облусунун Жумгал районунда 29 шайлоо участкасы жана 25 134 шайлоочу бар. (MiK)

XS
SM
MD
LG