Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

УКМК: Бабановдун айткандары негизсиз


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун 15-октябрда маалымат жыйынында айткан сөзүнө жооп берди.

Коопсуздук кызматы "Бабановдун "УКМК тарабынан чагым даярдалып жатат" деген сөзү суу кечпейт жана калп" деп билдирди.

УКМК Өмүрбек Бабановго бул сөздөрүнө негиз берген далилдерди коомчулукка ачык жарыялоону сунуштады. "Эгер эч кандай далил жок болсо, талапкер Бабанов коомчулукту алдады деп эсептейбиз" деп айтылат билдирүүдө.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов бүгүнкү маалымат жыйынында бийлик, УКМК жана милиция атайылап чагым даярдап жатат деп билдирген эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG