Линктер

дүйшөмбү, 22-январь, 2018 Бишкек убактысы 04:09

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабы атаандаштары чагымды күчөтүп жатат деп маалымдады.

Штаб тараткан билдирүүдө айтылгандай, бир саатта үч чагым катталды. Анда талапкер Жээнбековдун штабы жайгашкан кеңселерге чымыр денелүү белгисиз бирөөлөр келип коркутуп кетишкени, милицияга добуш сатып алуу фактысы боюнча жалган маалымат берүү аракети болгону жана шайлоо комиссияларында сыясы өчүп калуучу калемсап колдонулуп жатканы тууралуу тасма таратылып жатканы айтылат. Билдирүүдө айтылгандай, бул видеого байланыштуу алар БШКга жана күч кызматтарына кайрылышкан. "Натыйжада кайсы бир талапкердин штабында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу аракетинде атайын сценарий түзүлүп жатканы аныкталды" деп маалымдайт Жээнбековдун шайлоо штабы.

Мындан тышкары билдирүү ээлери өздөрүнүн талапкери утуп чыгуучу шайлоо участокторунда да түрдүү чагымдарды уюштуруп жатканын айтышып, бирок кандай чагым экенин этикалык себептерден улам көрсөтүшкөн эмес.

Буга чейин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов добуш сатып алуу аракеттери бийликтин талапкери тарабынан жүргүзүлүп жатат деп айыптаган.

Президенттикке талапкер Темир Сариев бул шайлоодо мурункуларынан өзгөчө кара пиар көп болгонун билдирсе, дагы бир талапкер Адахан Мадумаров бийлик тарабынан административдик ресурстар арбын болуп жатканын айтты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG