16-октябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде бир аз жаан жаап, тоолордо кар жаашы мүмкүн. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24;
Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 19...24;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 4...10, күндүз 19...24;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19;
Нарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 14...19;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз 2...7;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8 …10°, күндүзгү жогорку температурасы 22…24°.