Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

БШК: Саат 17:00гө карата шайлоочулардын 40% добуш берди


Саат 17:00гө карата Кыргызстанда катталган шайлоочулардын дээрлик 40,12% добуш берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Ош шаары эң активдүү болууда. Бул жерде шайлоочулардын 53% добушун берди. Андан кийин Бишкек шаары менен Талас, Нарын, Ысык-Көл, Баткен, Чүй, Ош облустары келе жатат. Эң пассивдүү азырынча Жалал-Абад облусу болууда. Бул жерде саат 17:00гө карата шайлоочулардын 36,47% пайызы добуш берди.

Расмий маалыматка ылайык, бул шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 млн 25 миң 768 жаран бар. Анын 2 млн 908 миң 453ү Кыргызстанда болсо, 18 миң 580и чет жерде. Дагы 98 миң 735 жаран Бишкек шаарындагы кошумча участоктордо добуш берүү укугун алган.

Кыргызстан боюнча 2375 шайлоо участогу уюштурулган. Андан тышкары чет жерде 37 добушкана ачуу каралган.

Кыргызстанда бүгүн президенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 11 талапкер катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG