Жапонияда, Түштүк Кореяда, Малайзияда, Кытайда жана Орусиянын Владивосток шаарында шайлоо тилкелери жабылды. Бул аймактар Бишкек убактысынан 2-3 саат алдыда.
Сеулдагы добушканага катталган 767 шайлоочунун 122си келип добуш беришкен.
Ал эми Владивостокто 407 жаран катталса, алардын 91и добушканага келишкен.
Ал эми Жапониянын Токио шаарындагы тилкеде саат 16:00гө карата 49 жаран шайлоого катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Ошол эле учурда АКШнын Вашингтон шаарындагы тилке Бишкек убактысы боюнча кечки 6да ачылды. Ал дүйшөмбүнүн таңында саат 06:00дө жабылат.
Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү 37 өкүлчүлүктөрүндө добушканалар ачылган. Ал жактарда консулдук каттоого турган жана биометрикалык маалыматын тапшырган 18 580 жаран добуш берүүгө укуктуу.