Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:00

Түштүк Кореяда добуш берүү жыйынтыкталды. Баш калаа Сеулдагы журтташыбыз Нурсултан Алтыбаевдин айтымында, катоого туруп, добуш берүүгө укук алган 700дөн ашуун кыргызстандыктын 122си добуш беришти.

- Бул жолку шайлоодо Түштүк Кореядагы кыргызстандыктардын активдүүлүгү мурдагы добуш берүүлөргө караганда жогору болду. Добуш берүүгө укуктуу 767 адамдын 15-18 пайыздайы катышканы маалым болду. Бул дагы болсо элчиликтин жана диаспоранын аракетинин жыйынтыгы десем болот. Алар кыргызстандыктарды каттоого турууга чакырып жатышты. Бирок кайдыгерлик, кенебестиктен улам көбү каттоого турушпай, добуш берүү укуктарынан ажырап калышты.

Бейрасмий маалыматтар боюнча Түштүк Кореяда 5 миңдей кыргызстандык бар. Расмий маалыматтарга ылайык, чет жерде 37 добушкана ачылган. Бул шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 млн 25 миң 768 жаран бар.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG