Айыл, суу чарба жана тамак-аш өнөр жай министри Нурбек Мурашевдин үстүнөн Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө арыз түшкөнүн Жалал-Абад облустук милициясынан "Азаттыкка" маалымдашты. Ага ылайык, 15-октябрь күнү Нурбек Мурашев өзүн сабады деген арыз менен аймактын тургуну Кадыр Матисаков кайрылган. Жабырлануучунун сөзү боюнча, аны райондун Сакалды айылындагы №2186 шайлоо участогунда министр Мурашев сабаган.
Чырдын башы айтышуудан башталганы кабарланууда. Учурда милиция бул маалыматты иликтеп жатат.
Ал эми министр Мурашевдин жардамчысы Шаирбек Масиров бул маалыматты төгүндөдү. Анын айтуусунда, министр Мурашев №2186 шайлоо участкасына добуш берүү үчүн барган. Азыр ал окуяны укук коргоо органдары иликтеп жатат. Алар күнөөлүүлөрдү аныктайт дейт министрдин жардамчысы.
Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 11 талапкер катышууда.(RsK/ZKo)