Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:55

Коалиция: Байкоону тоскоолдуксуз жүргүзүүдөбүз


“Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” уюму бүгүнкү шайлоо боюнча жүргүзгөн байкоолорунун кезектеги жыйынтыктарын жарыялады.

Коалициянын call-борборунун маалыматына караганда, тандалбай байкоо жүргүзүлгөн 500 шайлоо участогунда саат 11:00гө карата шайлоочулардын 15% добуш берген.

Республиканын жалпы аймагындагы участоктордун 83% мыйзамга ылайык саат 08:00дө ачылды, 17% 08:00гө чейин ачылып иштей баштады.

Коалициянын байкоочулары бардык участоктордо байкоосун эч кандай тоскоолдуксуз жүргүзө алышты. Шайлоонун жыйынтыгына таасир эте турган олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок.

Айрым процедуралык көйгөйлөр катталды, маселен, Ош шаарындагы №5175 шайлоо участогунда электрондук бюллетенди окуй турган эки аппарат тең иштебей калган, бирок бир саат ичинде оңдолгон. (RK)

XS
SM
MD
LG