Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Шайлоо: алгачкы эсеп боюнча Жээнбеков алдыда


Президенттик шайлоодо добуш берүү бүгүн саат 20.00дө аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын shailoo.gov.kg сайтында электрондук эсеп боюнча добуш берүүлөрдүн алгачкы жыйынтыгы жарыяланып жатат.

Ага ылайык, учурда КСДП президенттикке көрсөткөн талапкер Сооронбай Жээнбеков 811 миңден ашык добуш менен алдыда баратат.

Андан кийинки орунда 504 миңден ашуун добуш менен Өмүрбек Бабанов турат.

98 миңден ашык шайлоочунун добушу менен Адахан Мадумаров үчүнчү орунда. Кийинки орунда Темир Сариев келе жатат. Алдын ала эсептер боюнча ага шайлоочулардын 37 миңден ашууну добуш берген.

Электрондук эсеп секунда сайын жаңыланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG