Бүгүнкү президенттик шайлоо тынч өттү. Бул тууралуу ушу тапта өтүп жаткан пресс-конференцияда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Боршайком төрайымы мыйзам бузуу аз катталганын жана жарандардын шайлоо укугу бузулганы тууралуу арыз-даттануулар да аз түшкөнүн билдирди.
БШКнын координациялык тобуна 27 арыз келип түштү, алардын 17си боюнча маалымат ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди. Шайлоо бюллетенин сыртка чыгарганы үчүн бир жаран административдик жоопкерчиликке тартылды. (RK)