Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бүгүнкү президенттик шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны акыркы эсеп боюнча 55, 93 % түздү. Жалпысынан каттоодон 3,025,770 шайлоочу өткөн. Электрондук алдын ала эсептер боюнча, талапкерлердин арасынан КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат. Акыркы маалыматка караганда, ага шайлоого катышкан 917 529 киши добуш берген. Экинчи орунга 565 721 добуш менен Өмүрбек Бабанов чыкты.
Адахан Мадумаров 108 336, Таалатбек Масадыков 10 595, Темир Сариев 43 015, Арстанбек Абдылдаев 1989, Эрнис Зарлыков 1529 добуш алган.
Шайлоодо он бир талапкер ат салышты. Добуштар эсептелинип, жыйынтыгы улам жаңыланууда. (NT)