"Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы" коомдук бирикмеси президенттик шайлоодогу байкоолорунун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады. Маалыматка караганда, саат 20.00гө карата добуш берүүлөргө жалпы шайлоочулардын 56,2% келди.
Шайлоо участокторунун 38 пайызында шайлоочулардын өзүн тизмеден таппай калган учурлары болгон жок. 29 пайызында бирден бешке чейинки сандагы шайлоочулардын өздөрүн тизмеден таппай калган учурлары катталды. 26 пайызында тизмеден таппай калган учурлар 6-10 кишини түздү. 7 пайызында ондон ашык шайлоочу тизмеден табылган эмес.
Аталган коомдук бирикме мунун себептерин атай алган жок, бирок бул көрүнүш шайлоочулар тизмесинин так эместигин жана аны жакшыртуу зарылдыгын көрсөтүп жатканын кабарлады.
Коалиция кошумчалагандай, добушканалардын 2 пайызында шайлоочуларды идентификациялоо боюнча жабдуулардын техникалык мүчүлүштүгүнө байланыштуу добуш бере албай калган учурлары кезикти. 6 пайызында техникалык себептерден улам автоматташтырылган үкөктөр алмаштырылды. Бир пайызында шайлоочуларга идентификациядан өтпөй добуш берүүгө уруксат берилди. Ал эми добушканаларга кирүүсүнө мүмкүн болбогон чоочун кишилердин жүргөнү, үгүт жана шайлоочуларды коркутуу, кысым көрсөтүү шайлоо участкаларынын бир пайыздан азында орун алды.
Байкоочулар добуш сатып алуу, тизмеде жок шайлоочулардын добуш берүүсүнө уруксат берген учурларды каттаган эмес. Шайлоо жыйынтыгына таасир эте турган олуттуу мыйзам бузуулар добушканалардын 1 пайыздан азында катталды.
"Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы" коомдук бирикмесинин 1000 байкоочусу өлкө боюнча 500 добушканада шайлоонун жүрүшүнө байкоо салган. (NT)