Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Жээнбеков: Казакстан менен мамиленин азыркы жагдайы - убактылуу нерсе


Президенттик шайлоодо алдын ала эсептер боюнча алдыда бараткан КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков журналисттерге маалымат жыйын курган учурда, кыргыз-казак мамилесине байланыштуу "Азаттык" радиосунун суроосуна жооп берди:

- Ар бир мамлекет кандай болбосун бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылышы керек. Ошондо көп нерсе чечилет. Биз ошондой мамиле жасап келгенбиз, мындан ары аны улантабыз. Бул (жагдай) убактылуу нерсе. Бул дагы чечилет.

Жээнбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге Кыргызстан карым-катыш жасаган бардык өлкөлөрдүн жетекчилери сыяктуу эле сый көз карашта экенин белгиледи.

10-октябрдан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн. Муну эл президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин Кыргызстандагы шайлоого кийлигишип жатат деген сыны менен байланыштырган. Казак тарап Кыргызстандагы шайлоодо массалык башаламандык болушу мүмкүн деген бийликтин маалыматына байланыштуу мындай кадамга барганын билдирген.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев шайлоо бүткөндөн кийин да чек арадан өтүү жөнөкөйлөбөсө, анда ЕАЭБнын чукул жыйынын чакырууну талап кыларын бүгүн жарыялады. (NT)

XS
SM
MD
LG