Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:46

Жээнбеков беш облуста жана эки шаарда жеңишке ээ болду


Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча, президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков беш облуста, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында көп добуш алды.

Жээнбековдун негизги атаандашы Өмүрбек Бабанов Талас жана Чүй облустарында эң көп добуш алган.

Жалпысынан добуш берүүгө 1 млн. 692 миң шайлоочу катышты.

Бишкекте Жээнбеков үчүн шайлоочулардын 48% ашыгы добуш берген. Бабанов үчүн 35,9% добушун берди.

Ош шаарында Жээнбеков 73,4%, Бабанов 18,6% алды.

Жалал-Абад облусу. Жээнбеков – 59,1%, Бабанов – 28,1%.

Ысык-Көл облусу. Жээнбеков – 50,1%, Бабанов – 41,5%.

Нарын облусу. Жээнбеков – 55,4%, Бабанов – 36,7%.

Ош облусу. Жээнбеков – 71,1%. Бабанов – 18,2%.

Талас облусу. Жээнбеков – 12,5%, Бабанов – 84,8%.

Чүй облусу. Жээнбеков – 37,1%, Бабанов – 49,8%.

Баткен облусу. Жээнбеков – 56,8%, Бабанов – 20,1%.

Жалпы республика боюнча Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин шайлоочулардын 54%, Өмүрбек Бабановду 33,3% колдоду.

Бишкек убактысы боюнча саат 22:00гө карата Орусиянын Екатеринбург шаарындагы, Индия, Пакистан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан жана Бириккен Араб Эмирлигинде шайлоо участоктору жабылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

XS
SM
MD
LG