Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:17

Франциянын мурдагы маданият министри ЮНЕСКО жетекчиси болуп шайланды 


Одри Азуле (Audrey Azoulay).
Одри Азуле (Audrey Azoulay).

ЮНЕСКОнун жаңы директору болуп Франциянын 45 жаштагы мурдагы маданият министри Одри Азуле шайланды. Уюмдун аткаруу кеңешиндеги добуш берүүдө аны 58 мүчө 30у колдогон.

Эми бул чечим 10-ноябрда ЮНЕСКОнун башкы сессиясында бекитилиши керек. 2009-жылдан бери аталган уюмду эки мөөнөт катары менен Болгариянын өкүлү Ирина Бокова жетектеп келген.

АКШ 12-октябрда 2018-жылы уюмдун курамынан чыга турганын жарыялады. Муну ЮНЕСКОнун Израилге каршы позициясы менен байланыштырган. Вашингтонго удаа эле ЮНЕСКОдон чыгуу ниетин Израил да билдирди.

АКШ уюмду каржылоону 2011-жылы, анын курамына Палестин автономиясы кабыл алынгандан кийин токтоткон.

Израил болсо бир жыл мурда Храм тоосундагы мечиттерди сактоо тууралуу резолюция кабыл алып, андан кийин ЮНЕСКО менен байланышты үзгөн.

XS
SM
MD
LG