Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:19

Шайлоо: 16 миңдей бюллетен жараксыз болду


15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо добуштардын санын эсептөөдө алдын ала маалымат боюнча 16 миңге жакын бюллетен жараксыз деп саналды.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, актай болуп, кайсы бир талапкерге же "баарына каршы" деген белги коюлбаган жана эки жерге белги коюлган бюллетендер жараксыз деп табылды.

Акыркы маалыматка караганда, өлкөдө каттоодон өткөн 3 миллион 25 миңден ашык шайлоочунун 1 миллион 600 миңден көбү добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 55,93 % түзөт.

XS
SM
MD
LG