Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:37

КМШ байкоочулар миссиясы: Шайлоо дээрлик таза өттү


15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү

КМШ байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы президенттик шайлоо дээрлик таза өттү деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн КМШ байкоочулар миссиясынын төрагасы Сергей Лебедев Бишкекте маалымат жыйында билдирди.

Байкоочулар Кыргызстандагы шайлоодо жылыш болгонун, КМШ өлкөлөрүндө жок шайлоо технологиялары ишке киришкенин өзгөчө баалашты.

Ошол эле учурда Сергей Лебедев айрым кемчиликтер болгонун кошумчалады:

- Биздин байкоочулар айрым участкаларда электрондук эсептөөчү үкөкчөлөр иштебей калганына күбө болду. Бирок, техникалык бузулуулар ошол замат оңдолуп жатты. Төрт участкада электрондук үкөк иштебей калгандыктан жөнөкөй үкөктөр коюлду.

КМШ байкоочулар миссиясы айрым шайлоочулар өзүн тизмеден таппай калган көрүнүштөрдү да шайлоо уюштуруудагы кемчилик катары сыпаттаганы менен ал эл аралык шайлоо тажрыйбада нормалдуу көрүнүш экенин айтышты.

Ал эми шайлоочулардын 54 пайызы добуш берүүгө келгенин жогорку көрсөткүч деп эсептөөгө боло турганын кошумчалашты.

КМШнын байкоочулар миссиясы 192 байкоочудан туруп, шайлоо күнү 1227 шайлоо участкасына көз жүгүрткөргө жетишти. Алар шайлоонун расмий жыйынтыктары чыккандан кийин өз билдирүүсүн жарыялай турганын маалымдашты. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG