Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:50

БШК: Добушканалардын 99% маалымат келди


Бул тууралуу маалымат жыйында БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын билдиришинче, чет өлкөдөгү 37 жана Кыргызстандагы 3 шайлоо участкасынан гана автоматтык эсептөөчү үкөктөгү маалыматтар келе элек.

- Жалпысынан 99 пайыз участкадагы маалыматтар келип калды десек болот. Булар автоматтык эсептөөчү үкөктөгү чектер. Атайын комиссиянын кол коюлган документи менен бекитилип бизге жөнөтүлөт.

Шайлдабекова шайлоого 1 млн 692 миң 423 шайлоочу катышып, бул жалпы шайлоочунун 55,93 пайызын түзгөнүн маалымдады.(SDz)

XS
SM
MD
LG