Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Шайлоонун расмий жыйынтыгы бир апта ичинде жарыяланат


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Бахтияр Кадыров “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, учурда добуштарды кол менен эсептөө жүрүп жатат. Ал чет өлкөдөгү жана өлкө ичиндеги калган үч участоктогу добуштар шайлоо жыйынтыгына көп таасир тийгизбей турганын, жакынкы беш күнгө чейинки аралыкта бул процесс аяктарын кошумчалады.

- Болжол менен 5-7 күн аралыгында шайлоонун расмий жыйынтыктарын айтып калабыз.

БШКнын маалыматына караганда, ушул тапта 99 пайыз участкадан маалыматтар келди. Чет өлкөдөгү 37 жана Кыргызстандагы 3 шайлоо участкасынан автоматтык эсептөөчү урнадагы чектердин маалыматтары келе элек.

Алдын ала жыйынтык боюнча талапкер Сооронбай Жээнбеков 54,81 пайыз, Өмүрбек Бабанов 33,74 пайыз добушка ээ болду.

Жалпы шайлоочулардын 56 пайызга жакыны добуш берди. (КЕ/ SDz)

XS
SM
MD
LG