Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Бабанов: Шайлоонун жыйынтыгында тийиштүү ордумду ээледим


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

"Шайлоодо мага берилген добуштарга ылайык ордумду ээледим" деп билдирди бүгүн Бишкекте маалымат жыйын куруп “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов.

Ал "Шайлоонун жыйынтыгын тааныйсызбы же жокпу?" деген суроого так жооп берген жок.

Бабанов "Кыргызстанда президенттик шайлоо биринчи жолу атаандаштыкта өттү, бирок бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөн жок" деген пикирин билдирип, тарапкерлерине, үгүтчүлөрүнө "административдик басым, тартип коргоо органдарынын коркутууларына карабастан" аны колдогону үчүн ыраазылыгын айтты жана чагымдарга алдырбоого, көчөгө нааразылыкка чыкпоого үндөдү.

Бабанов 15-октябрда өткөн президенттик шайлоого катышып, 34 пайыз топтоду. Ал КСДПдан талапкер, 55 пайыз добуш алган Сооронбай Жээнбековдон кийинки экинчи орунда. (RK)

XS
SM
MD
LG